Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Алайдагы жардан унаа кулап, айдоочу каза болду

Аймак
29 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
59
Алай районунда 40 метр бийиктеги жардан унаасы менен кулаган 56 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 28-октябрга караган түнү Гүлчө айылынын 1962-жылы туулган тургуну Ш.К. өзүнүн «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Сары-Таштан айылына кайтып бара жаткан. Ал Кыр-Кол айылына кире бериште, тактап айтканда Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 84-чакырымында автоунаасын башкара албай, жолдун сол тарабына чыккан. Андан ары бийиктиги 35-40 метрге жеткен жардан унаасы менен кошо кулап кеткен.

Мунун кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду. Алай РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу