Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Алайда унаа беш жолу аласалып, айдоочунун ата-энеси каза тапты

Аймак
30 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
38

 Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирген.

Анын айтымында, окуя 30-октябрь күнү саат 10:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолунун 208-чакырымында катталган.

"Opel Monterey унаасынын оң тарабындагы арткы дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан унаа 4-5 жолу оодарылып барып жол четине туруп калган. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун 63 жаштагы атасы, 49 жаштагы апасы жана 49 жаштагы жүргүнчү аял окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу менен кошо унаадагы үч жүргүнчү Алай райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген",-делет маалыматта.

Окуянын келип чыгуу себептери иликтелип жатат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу