Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Ала-Букада жол кырсыктан жаш кыз каза болуп, ымыркай жабыркады

Аймак
02 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
34

Жалал-Абадда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу  облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык 31-март күнү 16.30дар чамасында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында болгон. Анда Hyundai Starex автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина аласалып кеткен.

"Окуянын кесепетинен 26 жаштагы кыз каза болду. Ал эми 29 жаштагы келин менен бир жаштагы ымыркай жабыркаса, 30 жаштагы эркек киши оор жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди", — деп башкармалыктан билдиришти.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу