Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

А.Кайыпов «Синогидро» ЖЧКсына ыраазычылык билдирди

Аймак
10 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
22
2017-жылдын 9-ноябрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Синогидро» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Джао Цзюнь Вэй менен жолукту. Жолугушууда облус башчы аталган ишкананын Бишкек-Нарын-Торугарт авто каттамынын жол инфраструктурасын калыбына келтирүүдө аткарган иштерин белгилеп, аны менен катар коомдук иштерге активдүү катышып жатканын айтты.
Джао Цун Вэй 2013-жылдан тарта жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп  жатканын маалымдады. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин сунуштарын туура кабыл алуу менен коомдук иштерге катышып жатканы үчүн кубанычта экенин билдирди.
А.Кайыпов кызматташуу жакшы нукта жүрүп жатканын белгилеп, «Синогидро» ЖЧКсынын генералдык директору Джао Цун Вэй мырзага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын жана ишкананын эмгек жамаатына Ыраазычылык кат тапшырды.
 
Дүйшөк кызы Айнура, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу