Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

А.Кайыпов АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолукту (фото)

Аймак
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
14
2017-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Алан Мельтцер Нарын облусуна расмий сапар менен биринчи ирет келип жатканын айтып, 2 күндүк иш сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Агро горизонт», «SPRING»  программалары тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен жеринде таанышуу максатында келгенин билдирди.
А.Кайыпов облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана дубан аймагында аткарылган иштер тууралуу маалымдады. АКШ элчилиги менен тыгыз кызматташуунун алкагындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, айыл-чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ишкерликти колдоо багытындагы программалар өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берип жатканын белгилеп өттү. Облус башчы АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерге Нарын облусуна болгон иш сапары ийгиликтүү өтүшүнө тилектеш экенин билдирди.  
 
Дүйшөк кызы Айнура, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу