Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

А.Кадырбаев КРнын улуттук дзюдо боюнча федерациясынын ыраазычылык каты жана төш белгиси менен сыйланды

Аймак
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
140
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевди жана вице-президенти Улукбек Өмүрзаковду кабыл алды. Жолугушуунун алкагында Ош шаарында дзюдо боюнча спортчулардын жетишкендиктери жана аталган спорттун түрүнүн өнүгүшү туурасында сүйлөшүштү.
   Ж.Көлбаев Ош шаарынын мэри Кадырбаевге дзюдонун өнүгүшүнө кошкон салымы, спортчуларга болгон колдоосу үчүн КРнын улуттук дзюдо боюнча федерациясынын ыраазычылык катын жана төш белгисин тапшырды.
  Акыркы жылдары Ош шаарынын спортчулары аймактар аралык, республикалык жана эл аралык турнирлерге барып катышып, ийгиликтүү кайтып жатышат. Алардын катарын Дзюдо боюнча Азия чемпиондору Баяман Сагынбай уулу жана Айбек Кубанычбек улуу толуктайт.
 
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.