Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Ак өргөөсү Айтматовго жаккан Токтош апа

Аймак
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
512
Токтош апа Талас өрөөнүнүн кылда башындагы Талды-Булак айылында жашайт. Бир айыл элдин кадырман карысы болуп, жүз жашка чыгып туру. Үч заманды көрдү. Убагында узчулук өнөрү менен  көп элге, көп жерге таанылган. Улуттук кол өнөрчүлүк кароо сынактарында  республика боюнча биринчи орунга бир нече жолу ээ болгон.  Ак өргөөнү ичи-тышы менен өзгөчө  асемдеп жасай турган.  Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн изилдеп өнүктүрүүдө чоң эмгек жасаган Амантур Акматалиев нечен ирет Токтош апага  келип  жолугуп, үйүндө конок болуп,  узчулук сырларынан уккан.
 1988-жылы чыгармачылыгы дүйнөгө дүң болуп турган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгы белгиленген.  Мына ошондо Токтош апа өз колу менен келиштирип жасаган ак өргөөсүн жазуучунун  тоюна алып барып тиккен  тура. Улуу жазуучу    Карачач эжеси  менен бирге  эл көзүнө түшүп турган бул ак өргөөгө  келип кирип,  жасалгасын көрүп:
-Жумурткадай болгон эң сонун боз үй тура! Муну ким жасаган?-деп сураган экен.
 -Мен жасагам. Жагып турса сага белек кылдым, балам, -деген экен Токтош апа.
 -Анда мен совхоздун директоруна дайындап коеюн, өргөөңүздү  ошол жеткирип берет, өзүңүз кошо келиңиз,-деген экен улуу жазуучу.
 Кийинки жайда  ошол кезде Талды Булак айылындагы №113 асыл тукум жылкы чарбасын жетектеп турган Марифат Осмонкулов  Токтош апаны  бала –чакасы менен кошо алып,  өргөөсүн жүктөп  улуу жазуучунун үйүнө жеткирип барыптыр. Токтош апа  улуу жазуучуга ак өргөөсүн  өз колу менен тигип бериптир.
  - Аксакал биринчи кирсин,-деп алды менен уулу Элдарды колунан жетелеп   ак өргөөнүн босогосун биринчи аттатып, анын артынан өзү кирген экен  кайран залкар адам.
 -Илгери энелер балдарын өргөө тигип бөлүшкөн. Сиз да мени  ак өргөөгө киргиздиңиз. Экинчи энем болуп калдыңыз, -деп Токтош апага чоң  урмат көрсөтүп, кетээринде  ошол тушта Кыргызстанды башкарып турган Абсамат Масалиев баш болгон  бир нече  мамлекеттик ишмерлердин кол тамгалары түшүрүлгөн «Чыңгыз Айтматов  60 жашта» деген жазуусу бар өзүнүн портретин белекке берген.  Ак өргөө   көтөрүп  Айтматовду киргизүү   аземин улуу жазуучунун өмүрлүк жубайы өзү   кинотасмага  тартып турган экен.
      Дүйнө журтчулугуна Кудайдан келген  улуу  ойчул, гуманист жазуучунун бул   портрети бүгүн Токтош апанын  үйүнүн төрүндө ыйык  белек катары илинип турат.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.