Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Аңчы көчкү алдында калды

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
407
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Зоо жайлоосунда 27-октябрда Сагын Тапаев аттуу жаран аң уулоого чыгып, кар көчкү алдында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мергенчини жаңы курулуп жаткан Бишкек-Ош кошумча жолундагы туннелге жакын жерде көчкү басып калгандыгы гана маалым.  Анын шериктери аман калышып, куткаруучуларга кабар беришкен.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.