Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

24 жаштагы келин төрөттөн каза болду

Аймак
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
106
Окуя 12-июнь күнү  Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасында болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Билдирмеге караганда, келин шаардагы менчик клиникалардан операция жолу менен 1-июнь күнү көз жарган. Төрөттөн кийин абалы начарлап кеткен келинди Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканага которууну чечишкен. Андан соң келиндин канында тромб пайда болуп, ал өпкөсүнө тыгылып калган. Мындан улам жаш эне каза болгон.
 
Жазгүл Кенжетаева



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.