Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

​ Тоңдо үйлөрдүн чарбагын суу каптады

Аймак
15 - Август 2019
www.erkintoo.kg
98
Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында суунун  деңгээли көтөрүлүп, дамбаны бузуп 4 үйдүн чарбагын каптады. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык,  суунун көтөрүлүүсүнөн  ички чарбалык көпүрөгө жана Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 57-чакырымындагы көпүрөгө коркунуч жаралган.  Кесепетти жоюуга куткаруучулар, 3 жүктөгүч, 2 самосвал тартылды.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.