Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

​ Сүлүктүдө көмүр көп казыла баштайт

Аймак
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
138
Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Себеби «Сүлүктү» ачык акционердик коому 2019-жылы Кытайдан 1,5 млн. доллардык инвестиция тартууга жетишкендигин кабарлады. Буга чейин аталган ишкана жылына 20 миң тонна көмүр өндүрүп, 50 кишини жумуш менен камсыз кылып турган. Эми ишкана техникасын толук жаңылап, көмүр шахтасын кеңейтип, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн 60 миң тоннага жеткирүүнү пландап жатат.  Сүлүктү шаарында бүгүнкү күндө 31 көмүр ишканасы иш жүргүзөт. Былтыр алар 126 миң тонна көмүр өндүрүүгө жетишкен,-делет маалыматта. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.