Ысык-Көлдө эки өрттөн наристе каза болду

Ысык-Көлдө Салы -Булуң айылында өрттөн эки наристе каза болду. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча кечээ 14-сентябрь күнү Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө турак үйдүн коросундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүмчө тартылып саат 15:00 дө чектөөгө алып 17:45де толугу менен өчүрүлдү.
Өрт кырсыктын кесепетинен 6 жана 4 жаштагы эки наристе каза болгон. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн.Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

error: Content is protected !!